Саат 9:30 — 11:00 аралыгында кофе ичпөө керек. Окумуштуулардын иликтөөсү

Окумуштуулар иликтөө жүргүзүп, адам сергек болушу үчүн күн ичиндеги биринчи кофесин саат 11:00дөн кийин ичиши керек деген жыйынтыкка келишти. Бул кортизолдун деңгээли менен стресс гормонуна байланыштуу. Таңкы убакытта алардын көрсөткүчтөрү жогору болот жана кофени эрте ичүү аларды ого бетер күчөтүп, тынчсызданууну пайда кылат.

Окумуштуулар күн ичиндеги биринчи кофени ойгонгондон соң, бир сааттан кийин ичүүнү сунуш кылышат. Ошондой эле бир күндө төрт кружкадан ашык ичпөө зарылдыгы айтылат.

Related posts

Жалал-Абадда 14 жаштагы Айбийке окуудан чыккан бойдон дайынсыз болууда

admin

«Рух ордодо» курулуп жаткан комуз сымал пирстин көрүнүшү. Фото

admin

Оштогу депутаттар мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү демилгелешти

admin

Комментарий