Жалал-Абадда 14 жаштагы Айбийке окуудан чыккан бойдон дайынсыз болууда

Жалал-Абад шаарынын тургуну 2010-жылы туулган Орозмаматова Айбийке Расуловна 26-февраль күнү саат 12:10 чамасында Спутник кичи районунда жайгашкан №9 Р.Санатбаев атындагы мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара узун, ак жүздүү, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, кара түстөгү юбка, кара түстөгү бут кийим болгон.

Номурлар: 102, (03722) 5-28-31, 0553 78 00 78, 0771 93 60 70.

Related posts

УКМКнын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду

admin

«Евразиялык университетинде» коррупция аныкталып, окутуучуларына кылмыш  козголду

admin

Бүгүн Ошто жайгашкан «Кудайберди» базарындагы бардык тамактануучу жайлар жабылат

admin

Комментарий