Кечээ, 16-январда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген 11 журналист 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Ал ошондой эле кармалгандардын тизмеси менен бөлүштү.
1. Махабат Тажибек кызы;
2. Сапар Акунбеков;
3. Азамат Ишенбеков;
4. Сайпидин Султаналиев;
5. Актилек Капаров;
6. Тыныстан Асыпбеков;
7. Максат Тажибек уулу;
8. Жоодар Бузумов;
9. Жумабек Турдалиев;
10. Айке Бейшекеева;
11. Акыл Орозбеков.
Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталып жатышат. 48 сааттан кийин алардын бөгөт чарасы сотто каралат.