Кыргызстан менен Таиланддын беттеши. «Оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок» дейт Таркович

16-январда футбол боюнча улуттук курама команда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун алкагында алгачкы беттешин өткөрдү.  Биринчи турда, F тайпада улуттук курама команда менен Таиланддын курама командасынын беттеши Таиланддын жеңиши менен аяктады.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович «Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок» деди.

«Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол — бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көргөздүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушуда болду.

Биз оюнду талдап, оюнчулар менен сүйлөшүүбүз керек. Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Турнир биз үчүн али бүтө элек, алдыда 2 беттеш бар. Биз Сауд Арабиясы жана Оман менен оюндарда кез келебиз», — деди ал.

Related posts

«Ар бир үй-бүлөдө 5-6 бала болушу керек». Ташиев бала бакчанын ачылышында келиндерге кайрылды

admin

Кар жаайт. 10-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Бакытбек Мажитов дайындалды

admin

Комментарий