Таласта Үрмарал дарыясындагы жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Эл аралык маанидеги Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында орун алган (Үрмарал дарыясы) жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Анын ачылыш иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (аралыктан), Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, жергиликтүү жетекчилер жана жай тургундар катышты.

Ошондой эле, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года жана Япон эл аралык кызматташтык агентттигинин (JICA) өлкөдөгү өкүлүнүнүн биринчи орун басары Нишияма Кентаро кадырлуу коноктордун катарын толуктады. Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу «Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген.

Жаңы курулган көпүрө Талас облусунун жашоочулары үчүн маанилүү транспорттук байланыштарды жакшыртып, аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү менен экономикалык өсүшкө чоң салым кошору күтүлүүдө.

Related posts

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

10 жыл мурда Кыргызстандан Түркияга барган Анастасия Метин айыл башчы болуп шайланды

admin

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда 

admin

Комментарий