19-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн  -5…-7° суук, күндүз +5…+7° жылуу болушу күтүлөт.

Related posts

УКМК: Бишкекте синтетикалык  баңги заттарын жеткирүүчү эл аралык канал аныкталды

admin

Камчы Көлбаевдин жакын адамы болгон Таалайбек Рысалиев кармалды

admin

Орус тили боюнча тест тапшырбаган мигранттардын балдары Орусияда мектепке кабыл алынбайт

admin

Комментарий