Жалал-Абадда 5 жаштагы кызды тайкесинин 6 жаштагы баласы тир мылтыгы менен атып алган

Жалал-Абадда 5 жаштагы кызды тайкесинин 6 жаштагы баласы тир мылтыгы менен атып алган. Маалыматты  Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Милицияга Жалал-Абад облустук балдар хирургия бөлүмүнүн дарыгери кабар берген. Себеби 17-январь күнү саат 16:52 чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагынын жашоочусу 5 жаштагы кызды тайкесинин 6 жаштагы баласы тир мылтыгы менен ойноп жатып, байкабастан ичине атып алган.

Кыз Жалал-Абад облустук оорукананын балдар хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы учурда териштирүү иштер жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кызга операция жасалып, аман калган.

Related posts

Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

admin

Садыр Жапаров: «Биз бир сантиметр жер берген жокпуз»

admin

Малайзиянын премьери Кыргызстанга расмий сапар менен келди

admin

Комментарий