«Мамлекет кечирбейт». Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Тина Канделакиге жооп берди

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйында журналисттер министрликтин расмий өкүлү Айбек Смадияровдон орусиялык журналист Тина Канделакинин билдирүүсүнө Казакстандын реакциясын сурашты.

«Эмне деп жооп берем? Эң өкүнүчтүүсү, ушундай сөздөрдү айткандардын баарына жооп бере берсек, өзүбүздү унутуп калабыз. Канча ички көйгөйлөрүбүз бар, ошого токтололу. Ар бирине көңүл бурсак, убакыт жетпей калат. Социалдык тармактарда чыр-чатакка баргандан көрө иштейли”, — деди ал. 

Ошондой эле, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Канделаки Казакстанга киргизилеби же жокпу деген суроого токтолду. «Бирөө жакпаса үйүңө киргизбейсиң. Биз да ошондой кылабыз. Керек болсо чара көрүлөт. Мамлекет муну эч качан кечирбейт. Ал Казакстанга келбейт, келсе кирбейт», — деп жооп берди Смадияров.

Тина Канделаки казакстандыктарды маңкуртка салыштырган болчу. Буга Казакстандагы темир жол станцияларынын аталышын өзгөртүүнү жактырбаганы себеп болгон.

Related posts

КР УКМК: Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды

admin

Мектепте акча чогулткандарга 20 миң сом айып салуу сунушталууда 

admin

Каракол аэропорту ишке берилет

admin

Комментарий