25-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен, Жалал-Абад, Чүй облусунун айрым жерлеринде, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук катуурак шамал болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +9…+11 жылуу болушу күтүлөт.

Related posts

Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

admin

Жүздөн ашуун өмүрдү алган жардыруу… Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

admin

Маданият министрлиги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

admin

Комментарий