Таркович: «Бул команда 2-3 жылдан кийин ийгиликке жетет»

Кечээ, 25-январда Кыргызстандын “Ак шумкарлары” менен Омандын курамасынын беттеши өттү. Эки команда тең чыгып, Азия Кубогунан четтеп калды. Кыргызстан эсеп сандарды 1:1 кылып теңөө менен Индонезиянын командасын кийинки баскычка өткөрдү.

Беттештен кийин Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу Штефан Таркович комментарий берди.

«Оор беттеш болду. Тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз дагы эле бар болчу. Биз эки гол айырмасы менен жеңишке жетсек, кийинки баскычка чыкмакпыз. Турнирдин алдында биздин курамда көйгөйлөр болду, даярдык учурунда үч негизги оюнчу жаракат алып калган. Бүгүнкү беттештен болсо эки оюнчу четтетилип, Бекжан менен Кайрат физикалык жактан даяр эмес болуп калды.

— Ушуга чейин Кыргызстан курамасы менен иштеген убакыттын аралыгында кандай жыйынтык чыгара аласыз?

— Мен курама менен жарым жылдан ашык иштеп жүрөм. Команданы жетектей баштагандан бери анда чоң өзгөрүүлөр болду. Мен үчүн оюнчуларды жакындан таануу абдан маанилүү. Команда менен үзгүлтүксүз иштешкен 50 күндүн ичинде кыргыз футболчуларынын менталитети жөнүндө көбүрөөк билдим деп айта алам. Биз турнирге кылдаттык менен даярдандык. Бирок мен Таиландга каршы оюнубуз менен абдан нааразы болдум. Ал оюн абдан начар болуп калганы мени абдан капалантат.

Бирок акыркы эки беттеште биз өзүбүздүн оюнубузду көрсөтө алдык. Айып аянтчаларда чечим кабыл алуунун үстүнөн иштешибиз керек. Кантсе да команда бул турнирдеги оюнчулардын курагы боюнча эң жаш курамалардын бири болду. Курам күчтөнөт, бирок бул үчүн көбүрөөк убакыт жана чыдамдуулук зарыл. Бул команда 2-3 жылдан кийин эң мыкты көрсөткүчтөргө жана ийгиликке жетет деп ишенем.

Related posts

Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат 

admin

Бишкекте жашы жете элек кыз сойкулукка мажбурланган. 23 жаштагы кыз кармалды

admin

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы макулдашылды

admin

Комментарий