Орто-Сай айылында унаа оодарылып, кыз менен жигит жабыркады (видео)

Кечээ, 25-январда Бишкектин Орто-Сай айылынын Иманалиев көчөсүндө BMW үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган кыз киши жана 2002-жылы туулган эркек киши жабыркаган. Чалуу түшкөн соң, жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылган. Жеринде кырсыкка күбө болгон жүргүнчүлөр тарабынан унаадан чыгарылган жабырлануучуларга куткаруучулар кечиктирилгис биринчи жардамды көрсөтүү менен жолдо келе жаткан Тез жардам кызматына унаа менен жеткирип, өткөрүп беришкен.

Related posts

1-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды 

admin

Кыргыздын өзгөчө символу. Президент кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады

admin

Комментарий