Кара-Сууда базар ээси кармалды. УКМК анын үйүнөн канча акча табылганын ачыктады

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан базардын директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жетекчи дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн.

«Жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалын пайдаланып, ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылган. Болбосо контейнерди буза турганын айтып коркуткан. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, акча берүүгө аргасыз болушкан.

24-январдагы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5000 доллар которулгандан кийин Ж.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 135 миң 600 доллар, 1 млн 113 миң 800 сом, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын «999» үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куйма жана 2017-жылы чыгарылган «Рейнж Ровер» унаасы табылып, алынды», — дейт УКМК.

Related posts

УКМК: КР Саламаттык сактоо министрлигинде координациялык кеңешме болуп өттү

admin

«Куту» кармалды. Ал 1,5 миллион сом алып, из жашырып кетүүгө шектелүүдө

admin

Бакиев менен Атамбаев да экс-президент макамын кайтаргыла десе эмне болот? Садыр Жапаров жооп берди

admin

Комментарий