Былтыр бир катар аткаминерлер чет элдик сапарларга максатсыз чыкканы айтылды

 Былтыр бир катар аткаминерлер чет элдик сапарларга максатсыз чыккан. Бул тууралуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов президенттик администрациянын коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы мамлекеттик жетекчилер жана алардын орун басарлары 591 жолу иш сапарга чыкса, алардын 128и максатсыз болгону аныкталган. Иш сапарлардын 41 пайызы республикалык бюджеттен каржыланып, бир күндүк орточо чыгым 22 миң сомду түзгөн.

«Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылы 10 эл аралык иш сапар жасаган. Алардын жалпы узактыгы 32 иш күндү түзүп, бул жумуш убактысынын 16,8 пайызына туура келген. Кээ бир иш сапарлардын узактыгы жана мүнөзү рационалдуу болгон эмес», — деди Осмонов.

Ошондой эле санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченконун Азербайжанда сот системасына тиешелүү иш сапарга катышуусу максатсыз деп табылган. Айыл чарба министринин орун басары Сокеев мыйзам талаптарына каршы, уруксаты жок Казакстанга барып келгени айтылды.

Ал эми айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов 2023-жылдын 14-августунан 2-декабрына чейин 81 күн узак мөөнөттүү иш сапарда болгону айтылды. Ал эми былтыр 21 күндүк иш сапарда болгону кошумчаланды.

Related posts

«Түнү менен үшүп-тоңуп чыгып жатабыз» деген жашоочуларга курулуш компания жооп берди

admin

Садыр Жапаровдун колдоосу менен Меккеде мейманкананын курулушу башталды

admin

Сокулукта дүкөндөн сейф уурдалган. Ири суммадагы акча уурдоого шектүүлөр кармалышты

admin

Комментарий