БШК депутат Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев  2-февралда мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Берилген арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

УКМКнын маалыматы боюнча, 26-декабрда башкы прокурор тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, криминалдык авторитет — Өзбек жараны Салимбай Абдувалиевдин колдоосуна ээ болуу максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.

2022-жылдын декабрь айында Ташкентке мыйзамсыз чыгып кеткен. Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, башкы прокурор аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча өлкөнүн парламентине сунуш киргизген. Ошол эле учурда, 9-январда Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин кароо боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө тергөө амалдарына катышуудан качып, терезеден секирип кеткен. 10-январда өлкөнүн парламенти аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Related posts

Кыргызстан ЕАЭБде курулуш, инвестиция жана өнөр жайдагы өсүш боюнча алдыга озду

admin

Бишкекте жаңы №101 автобус каттамы ишке кирди

admin

УКМК: «Талас мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында коррупциялык механизмдер аныкталды» 

admin

Комментарий