Баткенде 14 жаштагы Аяна дээрлик 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат 


Баткенде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барбаган 14 жаштагы Аяна изделип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жергиликтүү милиция бөлүмүнө жаран кайрылып, ал 30-январь күнү саат 11:00 чамасында кызы 2009-жылы туулган Аяна Жээнбаева өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барбаганын билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Белгилери: ак жүздүү, арык чырай, кашы, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 145-150 сантиметр. Психикалык жактан жабыркабайт. Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Эгерде сүрөттөгү кызды көрүп билгендер болсо, Баткен РИИБге кабарлап коюуну суранышат.
Байланыш номурлар: (03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.

Related posts

Нидерландыда 613 күн коронавирус менен ооруган адам көз жумду

admin

Сузакта атайылап өрттөлгөн айыл өкмөтүнүн имараты калыбына келтирилди

admin

Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди 

admin

Комментарий