Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтүн отставкага кетиргенин Акордадан билдиришти.

«Казакстандын Конституциясынын 70-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алам», — деп айтылат мамлекет башчынын жарлыгында.

Казакстандын премьер-министринин милдеттери убактылуу Роман Склярга жүктөлдү. «Өкмөттүн мүчөлөрү жаңы курам бекитилмейинче өз милдеттерин аткарууну улантышат», — деп чечти президент. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Related posts

Ошто тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза болду 

admin

Ысык-Ата районундагы жалпы аянты 226 гектар болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

admin

«Коопсуздук маселесин тыкыр карагыла дегенбиз». Уюштуруучулар кырсык боюнча үн катты

admin

Комментарий