Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтүн отставкага кетиргенин Акордадан билдиришти.

«Казакстандын Конституциясынын 70-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алам», — деп айтылат мамлекет башчынын жарлыгында.

Казакстандын премьер-министринин милдеттери убактылуу Роман Склярга жүктөлдү. «Өкмөттүн мүчөлөрү жаңы курам бекитилмейинче өз милдеттерин аткарууну улантышат», — деп чечти президент. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Related posts

Трамп: Украина боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти

admin

«АгроДиалог-2025»: Министрлик менен бир катар бирикмелер кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту…

admin

«Моя прекрасная няня» сериалы менен таанылган актриса Анастасия Заворотнюк каза болду

admin

Комментарий