Британиянын королу Карл III рак оорусуна чалдыкты

Улуу Британиянын королу Карл III рак оорусуна чалдыккан. Букингем сарайынын билдирүүсүндө, Корольдун жакында простата безинин чоңойгону үчүн ооруканага жаткырылган учурунда маселе аныкталган. Кийинки диагностикалык текшерүүлөрдө рактын бир түрү аныкталган.

Дарыгерлер ага коомдук иштерди кийинкиге жылдырууну кеңеш кылышкан.

Карл III жана анын жубайы Камилла 2023-жылдын 6-майында таажы кийген. Расмий түрдө Карл III 2022-жылдын 8-сентябрында ханыша Елизавета II каза болгон күндүн эртеси падыша болду.

Related posts

КР УКМК: Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды

admin

Бишкектин мектептеринде онлайн окуу 28-декабрга чейин узартылды 

admin

Таластан Баткендеги чек арага кызмат кылууга барган кыргыз кызы

admin

Комментарий