«Демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек» дейт Садыр Жапаров

«Өлкөдө адам укуктарын жана демократияны сактоодо кабатыр боло турган маселелер барбы?». Бул суроого Садыр Жапаров жооп берди.

— Эч кандай кабатыр боло турган маселе жок. Адам укугу да толук сакталууда. Албетте, 100 пайыз жипке тизгендейбиз деп айткандан алысмын. Айрым учурларда кемчиликтер боло калып жатат. Бул эми адам факторлорунан улам болуп жатат. Сот, укук коргоо органдары тарабынан кемчиликтер кетип жаткан учурлар жок эмес. Айрым кезде жарандарга адилетсиз мамиле жасалып калган учурлар болуп атат. Аны моюнубузга алабыз. Бирок дароо ордуна келтирип, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүгө аракет кылуудабыз. Адам баласы жашаган жерде баары болот. Анча-мынча укугу бузулган адамдар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин барында бар.

Ал эми демократия боюнча айтсам. Бизде бар демократия ошол бизди сындап аткан өлкөлөрдө жок. Демократия аларга караганда бизде алда канча жогорку деңгээлде. Бирок демократия деген түшүнүктү да кээ бир жарандарыбыз туура эмес багытка колдонуп жатышпайбы.

Демократия десе эле, жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка чакырык жасашат. Же бирөөнө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деп түшүнүп алып атышат. Айрым маалымат сайттары да иликтеп, тактабай туруп эле жалганды чындай кылып чыгарышууда. Кыскасы бизде ушундай жагдайлар көп. Ошол үчүн биз демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек.

Related posts

КР УКМК: Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары»ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынынжооптуу кызматкери кармалды.

admin

Укук коргоо системасын таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракетине кээ билер  саясий түс беришүүдө 

admin

Тарых жаралды! Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпиондугунун 3-баскычына жолдомо жеңди

admin

Комментарий