К.Ташиев Нарын шаарына атайын техникаларды пайдаланууга берди

  Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарына атайын техникаларды тапшырды. 
    Белгилей кетсек, Нарын шаарына Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 250 млн сом акча каражатына 23 техника алуу боюнча заводдор менен келишимдер түзүлүп, сатып алуу иштери жүрүүдө.
    Учурда шаарга 6 даана атайын техникалар келди. Булар «Таза Нарын» муниципалдык ишканасына «ХОВО» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана «Жашылдандыруу» мекемесине экскаватор жана «ХОВО» алынды. Ошондой эле шаарга манипульятор техникасы алынып, алар пайдаланууга берилди. 
    Өз кезегинде генерал-полковник К.Ташиев тапшырылган техникалар шаардын керектөөсү үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу керектигин айтып өттү.
    Белгилей кетсек, заводдор менен түзүлгөн келишимдерге ылайык мунициципалдык мекемелерге 11 түрлүү 23 атайын техника сатылып алынат.

Related posts

Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

mediaportalk

Ысык-Көлдө УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спартакиада старт алды

mediaportalk

Кыргызстан Памирдеги кандаштар үчүн 250 млн. сомго мектеп курууну пландап жатат

mediaportalk

Комментарий