Чек ара кызматынан кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү пунктары жабык болорун билдиришти.
Маалыматка караганда, кытай тараптын демилгеси менен жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары 10-февралдан баштап 12-февралды кошуп алган мезгил аралыгында жабык болот.
“Иркештам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 13-февралынан баштап жанданат.