«Кызыңыз кырсыкка учурап, ооруканада жатат». Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

15-март күнү Октябрь РИИБге жаран арызы менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби, 15-январда жабырлануучунун уюлдук телефонуна чалып, өзүн борбор калаадагы ооруканалардын биринин дарыгеримин деп тааныштырып, кызы кырсыкка учурап, ооруканада жатканын, дарыланууга шашылыш түрдө 85 миң сом каражат керек экенин билдиришкен. Андан кийин алар алдын ала сүйлөшүлгөн чабарман аркылуу акча жөнөтүүнү суранышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан изи сууй электе 1996-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Related posts

Адахан Мадумаров экс-президенттерди сый-урмат менен Кыргызстанга алып келем деген эле 

admin

КР УКМК: Коммерциялык жайды рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору кармалып, негиздөөчүсүнө издөө жарыяланды

admin

Камчыбек Ташиев сотторго параны адвокаттар ташып жатканын айтты

admin

Комментарий