Ысык-Көлдө Манасчылар паркы курулат (эскиздер)

Ак-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Манасчылар паркынын комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты. Аткарылып жаткан эскиздик долбоор Теплоключенка айылынын күн-батыш тарабына курулат. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Аталган паркта Манас айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарт түзүлүп, жаштар үчүн сейил бак катары, меймандар үчүн сый көргүзүү катарында багытталган ар кандай скульптуралык композициялар орнотулат.

Related posts

Кыргызстан БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады

admin

«КУМТӨР» ЖАҢЫ КӨПҮРӨЛӨРДҮ ОРНОТУУГА ЖАРДАМ БЕРДИ

admin

17-апрелге карата аба ырайы

admin

Комментарий