Ошто жеке менчикке берилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды (видео)

Ош облусунун Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан Жаңы-Ноокат айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ноокат райондук сотунун 2011-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана 0,32 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган. Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 33 миллион 211 миң сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана 0,32 гектар жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылып, баланска коюлду.

Related posts

УКМК: Ала-Бука районунда коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

admin

Бишкектеги машыгуу залындагы кол салуу: ИИМ тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө алганын билдирди

admin

Кыргызстандагы айрым банктар Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту 

admin

Комментарий