Ошто терминалдын айнегин сындырып, акча уурдоого шектүүлөр кармалды

Ошто терминалдан акча уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

23-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 23-декабрга караган түнү көчөдөгү дүкөнүнө белгисиз жарандар эшигин бузуп киришип, терминалды бузуп, акча каражаттарын, дүкөн ичиндеги товарларды жана видеокөзөмөлдүн тартылган тасманы сактап туруучу түйүнүн (жесткий диск) уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде Чүй облусунун Москва районунун 1994-жылы туулган, мурда сот жообуна тартылган туругуну жана Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган, мурда сот жообуна тартылган тургундары Бишкек шаарында из жашырып жүргөн жеринен шектүү катары кармалып, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алып, ушундай эле башка дүкөндөргө да киришип, терминалдан акчаларды уурдап кетишкендиги жана жарандардын ишеничине кирип, алдоо жолу менен олуттуу зыянга учуратканы аныкталды. Келтирилген зыян болжол менен жарым миллионду түзөт. Андан сырткары шектүүлөрдүн Бишкек жана Ош шаарында да ушундай эле башка кылмыштарды жасагандыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Related posts

Жолдорду автоунаа ээлеринин эсебинен оңдоо боюнча мыйзам долбоору ЖКда каралууда.

admin

Өзгөндө 24 жаштагы келинди балталап салган. Кошунасы кармалды

admin

Мишустин: ЕАЭБ өзүн эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөтө алды

admin

Комментарий