БШК Ленин районундагы шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Кубанычбек Самаков депутат болду

20-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Ленин районунда 51 шайлоо участогу уюштурулган. Шайлоого жалпысынан 24 талапкер катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ленин районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгын өттү деп табышты.

Эң көп добуш алган Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ага 5279 шайлоочу (26,17%) добуш берген.

Related posts

Муслим, Мухлиса, Мухаммед. Чүйдө 3 эм төрөгөн энеден кабар алышты

admin

Кыргызстанга Катардын эмири келди

admin

Балбан Акжол Махмудов: «Тарыхты бир гана окубайт, аны жаратып, жазышат»

admin

Комментарий