«Акчаңызды 2 эсе көбөйтүп беребиз» дегендердин башчылары кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каржы пирамидасын эң негизги уюштуруучусунун бири кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2-март күнү милицияга жаран арыз менен кайрылган. Ал «400 миң сом акчасын эки эсе көбөйтүп беребиз» деген шылтоо менен ишенимине кирип, алдоо жолу аркылуу ээлеп алышканын айткан. Андан кийин убадасын аткарбай, жашынып кетишкен. Аталган факты Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен (финансы пирамидаларды уюштуруу) кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан эң негизги уютуруучулардын бири 1976-жылы туулган С.О. жана шектүү 1995-жылы туулган А.А. аныкталып, кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары Биринчи Май РИИБге 100дөн ашуун жаран арызы менен кайрылды. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Related posts

Эске салабыз! Бул жумада кыргызстандыктарды 3 күндүк эс алуу күтүп жатат

admin

Ак-Кула ипподрому кайрадан аукционго коюлду

admin

«Принцесса Дури»: Белгисиз жаранды сабап жаткан видео боюнча 3 жаран кармалды 

admin

Комментарий