«Кыргыззоот» ЖЧКсы жумушчу кийимдерди чыгаруу боюнча россиялык компания менен 2 миллион сомдук келишим түзгөн   

«Кыргызиндустрия» ААКтын туунду ишканасы «Кыргыззоот» ЖЧКсы жумушчу кийимдерди тигүү боюнча россиялык «Далматовская тигүү фабрикасы» ишканасы менен 2 млн сомдук келишим түзгөн. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Тургун Асанов билдирди.

«Келишимге ылайык, биз 2 миң даана көлөмүндө жумушчу кийимдерин чыгарышыбыз керек, тигүү иштерин баштадык. Аларды келерки жылдын январь-февраль айларында жөнөтүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Асановдун айтымында, учурда «Кыргыззоот» ЖЧКсы Казакстанга заказдарды жөнөтүүдө.

«Учурда биз Казакстан үчүн 800 миң сомдук 1,6 миң даана аскердик кийимдерди чыгарып, жөнөттүк», — деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, “Кыргыззоот” ЖЧКсы күч түзүмдөрү үчүн атайын тактикалык кийимдерди, коргонуунун жогорку деңгээлдеги соотторду чыгарат.

Өндүрүштө өтө жогорку молекулярдык жогорку тыгыздыктагы полиэтилен, CORDURA кездеме жана Кевлар колдонулат.

Ишкана Кытайда чыгарылган стандарттуу JACK тигүүчү машиналары жана Түркиядан келген атайын жабдуулар менен жабдылган.

Related posts

К.Иманалиев: Бирөөнү да Кыргызстанга алып келейин деген оюн окуган жокмун

admin

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жер тилкесинин мурда мыйзамсыз алынган бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Бишкекте торпок менен аламан улак тартышты. Сүрөт

admin

Комментарий