Дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири 117 жашка чыкты. Ал тууралуу кызыктуу фактылар

Дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири туулган күнүн белгиледи. Мария Браньяс 117 жашка чыкты. Ал тууралуу кызыктуу фактыларды жарыяланды.

  • Ал Испаниянын Жирона шаарындагы карылар үйүндө жашайт.
  • Бир кезде Мариянын бир кулагы укпай калган.
  • Испаниядагы жарандык согуш учурунда аял ооруканада медайым болуп иштеген.
  • Анын үч баласы жана 11 небереси болгон. Жол кырсыктан тун уулу Август каза болгон.
  • Мария дагы 65 күн жашаса, ал тарыхтагы эң кары ондукка кирет.

Эске салсак, БУУнун маалыматы боюнча азыр дүйнөдө орточо жашоо узактыгы 72,8 жашты түзөт. Абсолюттук узак жашоо рекорду 122 жарым жыл жашаган француз айымы Жанна Калментке таандык.

Related posts

Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекеттин мойнуна жүктөлсүн. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

admin

Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барып, аскерлердин тамагын жеп көрдү

admin

Депутаттар каникулга тарады

admin

Комментарий