Эл артисти Талгарбек Жакшылыков көз жумду

Көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнө салды.

Талгар Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Куйган кыштагында туулган. Ал 1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин аталган театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген. 1998-жылдан тарта Кыргыз улуттук консерваториясында иштей баштаган.

Жеке ырчылык кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болгон. Талгар Жакшылыков чет элдик, орус жана кыргыз композиторлорунун операларында 40тан ашык ролду ырдаган. 2003-жылы ал эң жогорку баага — Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон.

Маркумду акыркы узатуу зыйнаты эртең, 15-мартта саат 11:00 Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Related posts

Баткенде мамлекетти коргоо кызматкерлери 100 миң сом пара менен кармалышты

admin

Ленин округунан кайра шайлоо. Беш талапкер катышуу ниетин билдирди 

admin

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары бир катар документтерге кол коюшту 

admin

Комментарий