Равшан Жээнбековдун 16 миллион сомдук эс алуу зонасы мамлекетке кайтарылды

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 миллион 871 миң сомду түзөт.

Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Related posts

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева турмуш жолуна аттанат

admin

УКМК Ошто билим берүү мекемелеринде корррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү 

admin

Кыргызстанда үшүк жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий