Таласта токой өрттөндү (сүрөт)

Кечээ, 25-март күнү Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Манас райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Буга кошумча саат 18:56да Ч.Айтматов райондук ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды. Жеринде Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 эсеп тартылган. Өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30 гектарды түзөт.

Related posts

Бишкектеги автобекеттин жабылышы боюнча мэрияга сындар айтылууда

admin

Шакиев Венада Австрия, Чехия жана Словакияда жашаган мекендештер менен жолугушту

admin

Нарында «Кыргыз шырдагы нын эл аралык фестивалы өтөт

admin

Комментарий