Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалды

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Юстициянын генерал-майору массалык башамандыкка даярдык көргөн, уюшкан топ түзгөн, кылмыштуу топту каржылаган, бийликти күч менен басып алууга аркет кылган деп шектелүүдө. Эми 2025-жылдын 10-январына чейин камакта болот. Маалымат булактары Кубан Адыл уулу менен кошо дагы алты киши кармалганын айтышты.

Кубан Адыл уулу бул кызматка 2021-жылы келген. 2024-жылы жазында президент Садыр Жапаров ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушевге орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан алууну сунуштап, кийин ал ишинен бошотулган.

Related posts

Түркияда теракт болуп, бир нече адам каза болду

mediaportalk

АКШда жүк ташуучу кеме сүзүп кеткен көпүрө кулап калды (видео)

mediaportalk

20-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

mediaportalk

Комментарий