Футбол: Кыргызстан кытайлык Тайбэйди 5:1 эсебинде жеңди

26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы менен кытайлык Тайбэй курамасынын беттеши өтүп жатат.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 16-мүнөтүндө эсеп сандар ачылды. Кыргыз курамасынын оюнчусу Жоэл Кожо биринчи голду жаратты. 37-мүнөттө дагы бир гол киргизип, 2 голдун ээси болуп калды. 44-мүнөттө Кожо кайрадан 3-голду киргизди. Оюндун биринчи бөлүгү 3:0 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.

2-бөлүктүн 33-мүнөтүндө Христиан Браузман Кыргыз курамасынын пайдасына 4-голду киргизди. Ал эми 41-мүнөттө Тайбэй алгачкы голду киргизди. Негизги убакыт аяктаган соң, башкы калыс 4 мүнөт кошуп берди. Бул убакыт аралыгында Кими Мерк 1 гол киргизди. Беттеш 5:1 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.

21-мартта Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда эки команда беттешип, оюн Кыргызстандын жеңиши менен аяктаган.

Related posts

18 жаштагы кыз Орусия сулуусу болду (видео)

admin

Түн уйкуну бузгандарга каршы! Депутаттар Атамбаев менен Бекешевдин мыйзам долбоору колдоого ээ болду

admin

Баткендеги капчыгайда дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинистти издөө иштери башталды

admin

Комментарий