Сахарадагы кумдун чаңы Германия, Франция жана Швейцарияны каптады

Сахара чөлүндөгү тонналаган кумдун чаңы шамал менен Европага жеткен. Германиянын, Франциянын жана Швейцариянын айрым аймактарында асманды туман каптады. Бул тууралуу Deutsche Welle жарыялады.

Жыл сайын Сахара чөлүнөн аба аркылуу 60 миллиондон 200 миллион тоннага чейин минералдык чаң ташылат. Чоңураак бөлүкчөлөр тез жерге түшсө, эң кичинелери кээде миңдеген чакырымга учуп кетет. Германиянын метеорологиялык кызматынын кызматкери Кристиан Герольд «Сахаранын чаңы бул жерде, аны абадагы саргыч булуттан көрүүгө болот» деди.

Швейцариялык SRF телекомпаниясынын метеорологу Роман Брогли 180 миң тонна чаң катталганын, бул акыркы жылдарга караганда эки эсе көп экенин айтты. Ал арада Франциянын жергиликтүү бийлиги айрым аймактарда абанын булгануу чегинен ашып кеткенин жарыялашты.

Related posts

Депутат Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын айтты

admin

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 3000 адамга жакындады  

admin

БУУ: Эки айда Газанын түндүгүн ачарчылык каптайт

admin

Комментарий