Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу. Мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды

Магиялык ыкмалар менен кызмат көрсөтүүнү жарнама кылууга тыюу салуу сунушталды. Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жактырылды.

Мыйзам долбоордун демилгечилери депутаттар Марлен Маматалиев, Бактыбек Чойбеков, Талайбек Масабиров, Айбек Маткеримов, Алишер Козуев, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков, Русланбек Жакышов, Суйунбек Омурзаков, Тазабек Икрамов, Жалолидин Нурбаев, Чынгыз Ажибаев, Алишер Эрбаев, Шайлообек Атазов, Эльдар Абакиров, Талант Мамытов, Шарапаткан Мажитова, Балбак Түлөбаев, Лейла Лурова, Мурадил Сыдыков, Эрулан Кокулов, Бакыт Тентишев, Исатбек кызы Аида.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, бул мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты. «Турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат, мындай кырдаалда алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегүүдө. Өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес», — деди депутат Марлен Маматалиев.

«Жарнама жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине ылайык жазгырмалуу жарнама Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок бул мыйзамдарда дал окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Андыктан сунушталган долбоор алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюу салууга мүмкүндүк берет.

Related posts

КР УКМК: Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды

admin

Чолпон-Атанын мурдагы мэри кармалды. Ал Камчы Көлбаевге жер тилке берген деп айыпталууда

admin

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясында курман болгондорду эскерди   

admin

Комментарий