КР УКМК: Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын  алкагында КР жараны С.Т.К. (криминалдык чөйрөдө "Потап" лакап аты менен белгилүү) кармалды. 
    Аталган С.Т.К.нын "Мыйзамдагы ууру" К.Асанбек менен жакын мамиледе болгондугу аныкталып, анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында К. Асанбектин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган.
   Мындан тышкары С.Т.К. криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган.
   2025-жылдын 13-мартында чогултулган материалдардын негизинде С.Т.К. кармалып, Октябрь сотунун токтомунун негизинде КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын  №21 мекемесине киргизилген.

Related posts

Бишкекте “Агро-Диалог 2025” агроөнөр жай форуму өз ишин баштады

admin

Тоолорго кар түшөт! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт 

admin

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында боз үйлөр тигилди. Эмнелерди сатып алууга болот?

admin

Комментарий