Түркияда теракт уюштурууга даярданып жаткан 2 шектүүнүн кармалышы. ТИМ маалымат берди

Түркиянын укук коргоо кызматкерлери «Ислам мамлекети» террордук тобунун атынан теракт уюштурууга эки шектүүнү кармашып, алардын бири камакка алынганын Hurriyet гезити билдиргенин РИА Новости жазган.

«Кармалган эки адам тең сурактан кийин сотко жеткирилди. Тажикстандын жараны, «Ислам мамлекети» уюмунун мүчөсү 37 жаштагы Фазилжон А. камакка алынып, ал эми анын шериги делген Кыргыз жараны 41 жаштагы Зульфия С. Түркиядан депортацияланган», — деп жазган басылма.

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте кармалган жарандын жарандык таандыктыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Related posts

Ташиев Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде жаңы курам менен жолугушуу өткөрдү

admin

Күндүз +11ге чейин жылуу — 21-декабрга аба ырайы

admin

Замирбек Сыдыков Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды

admin

Комментарий