Татарстанда дрондордун кол салуусунан улам жаракат алган кыргызстандыктын абалы айтылды

2-апрелде Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Елабуга шаарында (Татарстан) жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын кол салуусунан улам жаракат алган Кыргыз Республикасынын жаранынын абалынан кабар алышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жабыркаган жаран жеңил жаракат алып, дарылануу үчүн Казань шаарынын балдар ооруканасына которулууда. Бул маселе Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турат.

  • Елабуга шаарында (Татарстан) жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын кол салуусунан улам алты адам жабыркаган. Анын бири 2007-жылы туулган Кыргыз жараны болгон.

Related posts

Тоолуу райондордо кар жаайт. 24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Темир айылындагы селден жабыркагандарга 5 үй курулуп жатат

admin

“Үмүт и Ко” ишканасын негиздөөчүсүнүн үйүнөн ок өтпөс машина, бир нече курал табылды

admin

Комментарий