Алтын үчүн күрөштө Акжол Махмудов жеңилүү ызасын тартып калды

Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Акжол Махмудов күмүш медаль жеңди.

Ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Турнирдин алгачкы беттешинде казакстандык Ибрагим Магомадов менен кез келип, Махмудов жеңди.

Жарым финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы ирандык 21 жаштагы Амир Али Абди болду. Махмудов 1 мүнөт 59 секундда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, финалга өттү, анын финалдагы атаандашы япониялык спортчу болду. Махмудов Нао Кусакага 4:2 эсебинде жеңилип калды. 

Related posts

9-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги мектептер онлайн окууга өтөт, бала бакчалар иштебейт

admin

8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөө. Депутаттын сунушуна кандай карайсыз?

admin

Комментарий