Алтын үчүн күрөштө Акжол Махмудов жеңилүү ызасын тартып калды

Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Акжол Махмудов күмүш медаль жеңди.

Ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Турнирдин алгачкы беттешинде казакстандык Ибрагим Магомадов менен кез келип, Махмудов жеңди.

Жарым финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы ирандык 21 жаштагы Амир Али Абди болду. Махмудов 1 мүнөт 59 секундда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, финалга өттү, анын финалдагы атаандашы япониялык спортчу болду. Махмудов Нао Кусакага 4:2 эсебинде жеңилип калды. 

Related posts

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

admin

Бишкектин четинде аскердик тик учак кулап түшкөнү айтылды

admin

Электр жарыгы өчүп калса кайда чалуу керек? Байланыш номерлери 

admin

Комментарий