«Шереметьево» аэропортунда Орусияга кире албай калган 20га жакын кыргызстандык бар

Москвадагы «Шереметьево» аэропортунун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20дай кыргызстандык бар.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алардын тамак-ашын уюштуруу маселеси боюнча жарандар элчиликтин ишеним телефонуна кайрылышып, тез арада чечилген.

Элчиликтин кызматкерлери аэропорттогу жарандар менен байланышта. Учурда аларды Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралууда.

Related posts

Бишкекте аркан жол системасын киргизүү пландалууда

admin

Садыр Жапаров: «Кемпир-Абадды 70 жылдан бери Өзбекстан башкарып келген, эми чогуу башкарабыз» 

admin

Садыр Жапаров Америкада БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору менен жолугушту

admin

Комментарий