Дубайды суу каптады: аба каттамдары токтотулуп, тургундардан үйдөн чыкпоону суранышты

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Дубайды суу каптады. Бириккен Араб Эмираттарынын эң ири шаарында сел жүрүп жаткан кадрларды социалдык тармактардын колдонуучулары жарыялоодо.

Khaleej Times гезитинин маалыматына караганда, аба ырайына байланыштуу метро каттамдары токтоду. Абу-Даби менен Дубайда көптөгөн имараттар жана райондордо электр энергиясы жана суу үзгүлтүккө учурады. Туруксуз аба ырайынын шартында Дубай мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле менчик мектептердин окуучулары үчүн аралыктан иштөө мөөнөтүн узартты. Бийлик жеке компанияларды кызматкерлерге үйдөн иштөөгө уруксат берүүгө жана жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылууга үндөдү.

Шаарда аба каттамдар токтотулуп, кечигип жатат. Кээ бирлери башка аэропортторго багытталды.

Related posts

Ленин районунда талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусу өттү

admin

Жапаров Алтайдагы «Миң жүрөк» курортуна жасаган сапары боюнча айтып берди

admin

«Түнү менен үшүп-тоңуп чыгып жатабыз» деген жашоочуларга курулуш компания жооп берди

admin

Комментарий