19-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21… +26,

Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +14…+19,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 14…+19.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+26 градус болот.

Related posts

Аба ырайы. Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

admin

Баткенде мамлекетти коргоо кызматкерлери 100 миң сом пара менен кармалышты

admin

Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган алгачкы бейтап ооруканадан чыкты

admin

Комментарий