Ошто изделип жаткан келин сейил бактан табылды

Дайынсыз болуп жаткан 2002-жылы туулган келин Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

18-апрель күнү Жаңыбай кызы Албина Ош шаарындагы сейил бактардын биринде жүргөн жеринен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинип, апасына тапшырылган.13-апрель күнү милицияга Өзгөн районунун 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 4-апрель күнү саат 19:00 чамасында келини 2002-жылы туулган Жаңыбай кызы Албина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Related posts

Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кетти

admin

Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат

admin

3 Кыргыз жараны Израилден чыгарып кетүүнү суранып ТИМге кайрылды

admin

Комментарий