Сузакта Портер манас айтууга чогулган 29 баланы сүзүп кетти

Сузак районунда Портер манас айтууга чогулган 9-16 жаш курагындагы 29 баланы сүзүп кетти. 18 бала ооруканага жеткирилгени маалымдалууда. Анын ичинен жетөө реанимацияда, үчөө оор абалда. 11 бала медициналык кароодон кийин үйүнө жөнөтүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабыркагандардын дарылануусун өз көзөмөлүнө алганы билдирилип жатат.

Маалыматтарга караганда, Портерде балмуздак сатылып жаткан жана ал токтотулуп турган.

Related posts

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. Ош облустук китепканасынын жетекчисинин дагы эки небереси ооруканада каза болду

admin

Бишкекте энесин сабап жаткан киши жардамга барган милиционерди кошо токмоктоду

admin

Билим берүү системасындагы коррупция. УКМК мектеп директорлоруна кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти

admin

Комментарий