Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон окуя ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, ордунан көзөмөлдөө үчүн жөнөп кетти. Учурда айдоочу камакка алынды, унаанын айдоочусунун кыймыл-аракетинин мыйзамдуулугу каралат. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Тергөө амалдарын жүрүгүзүүдө шектүү катары Сузак районунун тургуну 1976-жылы туулган Ж.Б. суралып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Кечээ, 2-майда Сузакта Портер манас айтууга чогулган 29 баланы сүзүп кеткен. Кийин алардын саны 32ге жеткени маалымдалган. Сузак милициясы бул кырсык боюнча маалымат таратып, Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа токтотуп койгон жеринен иш-чара өтүп жаткан учурда кокусунан жылып кетип окуучуларды тебелеп кеткенин билдирген болчу.

Related posts

Дүйнөнүн ири инвесторлору чогулду. Кыргызстан көңүл борборунда

admin

Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү боюнча: «Эмнеге ушуга жабышты да калды билбейм»

admin

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романынын бет ачары Венгер парламентинде өттү

admin

Комментарий