Жаңы 5000 сомдук акча жүгүртүлө баштады

Улуттук банк бүгүн, 10-майдан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарат.  

2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган. 

5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.   

2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотунун негизги коргоо элементтери 

1. Суу белгиси: бир канча түстү камтыган портрет жана номинал түрүндөгү электротип.  

2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке (үзгүлтүксүз) болуп чагылдырылат. Анда номинал саны жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби, банкнотту жантайыңкы кароодо ромб фигурасы менен тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт. 

3. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

4. Банкнотту кол менен сыдырып көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот. 

5. Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы кароодо көп түстүү сом белгиси – С пайда болот. 

6. Түстөрдүн өзгөрүшү: банкнотту жантайыңкы кароодо көлөмдүү шакектер көрүнүп, оюу (орнамент) түсү алтындан жашыл түскө өзгөрөт.  

7. Жалтырак тилке (арткы бетинде) банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.

Related posts

“Элеттен экспортко чейин: Кыргыз продукциясынын чоң жолу”

admin

Бишкекте Нооруз майрамына карата 3 күн чоң иш-чаралар өтөт. Программа

admin

УКМК: УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды

admin

Комментарий