Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

 8-майда саясатчы Адахан Мадумаровго карата Биринчи Май райондук соту чыгарган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Сот аны каттап, кабыл алганы тууралуу саясатчынын Телеграм-каналына жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Адахан Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтоткон чечимине каршы арыз Бишкектин Административдик сотунда 20-майда карала турган болду.

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыккан. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Related posts

ЦУМда жардыруучу зат бар экенин айтып, жалган билдирүү жасаган шектүү кармалды

admin

Шакиев: “Жер көчкү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүү зарыл”

admin

Жаан, кар жаашы күтүлөт. 17-ноябрга карата аба -ырайы

admin

Комментарий