Ошто Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жолду каптады

Бүгүн, 17-май күнү саат 07:00 чамасында Ош облусуна караштуу Алай районунун Ош-Сарыташ-Эркештам унаа жолунун 259-261-чакырымдарында Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жолду каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Унаа жолу жабык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жерине суунун нугун буруу жана жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүүгө №960 Жол тейлөө кызматынан экскаватор, жүктөгүч, бульдозер тартылып, учурда тазалоо иштери журүүдө.

Related posts

Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев көз жумду 

admin

24 градуска чейин — Кыргызстанда 25-мартка карата аба ырайы

admin

24-27-мартта өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн 

admin

Комментарий